Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу №51 мектеп-гимназиясында 20-март күнү “Салам сага, санжыралуу Ноорузум” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарага боз үй тигилип, Умай эне арча түтөтүп, алас айтып, кыргыз жерине, кыргыз элине тынчтык, жакшылык, бейпил жашоо каалап, батасын берди. “Кыз узатуу”, “Келин алуу” каада-салттары театрлаштырылып көрсөтүлдү. Андан сырткары улуттук оюндар ойнотулуп, тамак-аштар жарманкеси уюштурулду. “Жер жарылып, көк чыккан, Желин жарылып сүт чыккан”, түн менен күн теңелген жаз майрамы эң жакшы маанайда өттү.
Комментарии