№51 ЖОББ мектебинин педагогикалык кеңеши 2024-жылы биринчи чейректин аягында кагаз журналдан баш тартып, электрондук журнал менен иштөө чечимин кабыл алды. Бул үчүн мугалимдерге нускамалар жана окутуу өткөрүлдү. Жыйында электрондук журналга өтүү боюнча добуш берүү өтүп, бардык мугалимдер электрондук журналды колдошту.
2025-жылдын Жаңы жылын тосууга даярдануу жана өткөрүү максатында 2024-жылдын 20-ноябрындагы Бишкек шаарынын мэринин №276-р токтомунун негизинде бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү: Жаңы жылдык иш-чаралардын графиги түзүлүп, бекитилди. Окуучулар үчүн “Жаңы жылдык балаты” программасы даярдалды, бардык этаптар белгиленген мөөнөттө жүргүзүлдү. Коопсуздук боюнча № 76 буйруктун негизинде инструктаждар өткөрүлдү. Мектеп администрациясы жана мугалимдер…
Мектепте 3-4-класстын окуучулары арасында "Алтын күз" көргөзмөсүнө арналган иш-чара болуп өткөн. Иш-чарага мектеп директору жана сүрөт сабагы мугалими Адыкова Г. катышып, көргөзмөнүн катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.