Тогуз коргоол – кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Тогуз коргоол манкала оюнунун түркүмүнө таандык. Манкала сөзү “жылуу, кыймыл” дегенди түшүндүрөт. Тогуз коргоолдун кыргызча вариантында оюнчунун негизги максаты болуп коргоолдорду көбүрөөк чогултуу болуп эсептелет. Ар бир оюнчунун тактасында 9 чукурчасы, ал чукурлардын ичинде тогуздан ташы болот. Тогуз деген сан көчмөн түрк эли, ошондой эле кыргыздар үчүн да ыйык сан болгон. Коргоол сөзү кыргызчада “койдун кумалагы” дегенди түшүндүрөт. Оюнда ошол тоголокторго окшогон асыл таштар колдонулуп келген
Комментарии