Жол кыймылынын жаш инспекторлору
ЖКЖИ райондук сынагына катышуу боюнча отчет
№51 орто мектебинин окуучулары №38 мектепте өткөн ЖКЖИ (Жол кыймылынын жаш инспекторлору) боюнча райондук сынакка катышышты.
Мектеп намысын 7-К классынын окуучулары татыктуу коргоп, жол эрежелери боюнча терең билимин, жигердүүлүгүн жана командалык рухун көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында биздин команда район боюнча III орунду ээледи.
7-К классынын окуучуларын бул жетишкендиги менен куттуктайбыз! Ошондой эле класс жетекчиси Муктарбекова Д.Н.га жана даярдыкка көмөк көрсөткөн Муниза Рыскулбековнага, Медина Эдилбековнага ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии