«Жол кыймылынын эрежелерин сактагыла!» деген ураандын алдында жол коопсуздугунун бир айлыгы өткөрүлдү
№ 51 ЖОББМде «Жол кыймылынын эрежелерин сактагыла!» деген ураандын алдында жол коопсуздугунун бир айлыгын өткөрүү боюнча отчёт.
2024-жылдын сентябры
Буйрукка ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы “Жол кыймылынын эрежелерин сактайлы” урааны астында жол коопсуздугунун бир айлыгын өткөрүү жана пландоо жөнүндө №51ЖОББМде сентябрь айында 1-11-класстар үчүн жол кыймылынын коопсуздугунун бир айлыгы өткөрүлдү.
Бир айлыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
- Маршруттук баракчалар 1-11-класстын окуучуларынын күндөлүгүнө түзүлдү.
- Мектепте жол эрежеси боюнча тематикалык бурч уюштурулду.
- Окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилди. (1-11 класстар)
- 1-11-класстар арасында жол эрежеси боюнча сабактар жана талкуулар болду. программа боюнча — сентябрда 2 сабак өткөрүлүп, класстык сааттын темасына киргизилди.
- Ата-энелер чогулуштарында көчөлөрдөгү жана жолдордогу коопсуздук эрежелери, жол эрежелерин үйрөнүүнүн ролу жана мааниси, мектепте жана үйдө жүрүм-турум эрежелери жөнүндө (2024-жылдын 14-25-сентябры) талкуулар өткөрүлдү.
- «Жол кыймылынын эрежелери» сүрөт сынагы болуп өттү (2-3-класстар)
- ЖУИД отряды түзүлдү
- Класстык сааттарда 1-4-класстын мугалимдери мектептин 11-классынын окуучулары менен биргеликте жол белгилерин, жол кыймылынын белгилерин окуп, беш мүнөттүк көнүгүүлөрдү жана жол кыймылынын эрежелери боюнча оюндарды өткөрүштү.
- 7-класстын окуучулары каттарды — айдоочуларга кат жазышты.
- Активдүү окуучуларга грамота тапшырылды.
Жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүү айлыгы толугу менен аяктады. Жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүү жана жол-транспорттук травматизмди алдын алуу боюнча иштер окуу жылында улантылат.
Комментарии