“Жол кыймылынын эрежелери” темасында лекция
2024-жылдын 17-декабрында №51 орто мектепте 1, 2, 3 жана 4-класстардын окуучулары үчүн УПСМ инспектору, капитан Садыков Кылыч Монолбекович тарабынан “Жол кыймылынын эрежелери” темасында лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө жолдогу коопсуздук эрежелери, жол белгилеринин мааниси жана жөө жүргүнчүлөр үчүн сактык чаралары түшүндүрүлдү.
2024-жылдын 25-декабрында Садыков Кылыч Монолбекович 5, 6 жана 7-класстар үчүн дагы “Жол кыймылынын эрежелери” темасында лекция өткөрдү. Бул лекцияда велосипедчендер үчүн эрежелер, жарыкты чагылдыруучу элементтерди колдонуу зарылдыгы жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилик боюнча толук маалымат берилди.
Комментарии