Жалпы мектептик ата-энелер жыйыны
Жалпы мектептик ата-энелер жыйынынын өтүшү жөнүндө отчёт
№51 ЖОББМ
Өткөрүлгөн күнү жана убактысы: 26-февраль 2025-жыл, 16:00
Тема: «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана билим сапаты»
Катышуучулар: мектеп администрациясы, чакырылган коноктор – мектеп ИДН, милициянын капитаны Оркулова А.А., УУМ милициянын лейтенанты Бакытбеков Н.Б., Ст. ОУР милициянын майору Орозбеков И.О., ИДН начальниги, милициянын подполковниги Акбашев Э.Н. ошондой эле 85 ата-эне.
Жыйындын жүрүшү:
Жыйынды мектеп директору ачып, катышуучуларды жылуу тосуп алып, талкуулана турган маселелердин маанилүүлүгүн белгиледи.
- Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштердин презентациясы.
- Бул багытта мектеп тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы сунушталды.
- Ата-энелер мектептердеги зомбулук маселесине арналган видеоматериалды көрүштү.
- Мектеп директорунун сөзү.
- Окуучулардын арасында зомбулуктун жайылышы, анын кесепеттери жана алдын алуу чаралары тууралуу маселелер көтөрүлдү.
- 12 жылдык билим берүү жөнүндө маалымат берилди, ар бир класстын билим сапаты боюнча талдоо жүргүзүлдү.
- Чакырылган коноктордун сөзү.
- ИДН начальниги, милициянын подполковниги Акбашов Э.Н. өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуу фактылары жана алардын алдын алуу боюнча маалымат берди.
- ИДН өкүлдөрү, милициянын капитаны Оркулова, милициянын лейтенанты Бактыбеков жана милициянын майору Орозбеков ата-энелердин балдарынын коопсуздугун камсыздоодогу орду жана жоопкерчилиги тууралуу айтып өтүштү.
- Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти, бардык суроолорго тиешелүү жооптор берилди.
Жыйын натыйжалуу өттү. Ата-энелерге төмөнкү багыттар боюнча сунуштар берилди:
- окуучулар арасындагы зомбулуктун алдын алуу,
- 12 жылдык билим берүүнүн келечеги тууралуу түшүндүрмө,
- билим берүү процессине байланыштуу башка маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Комментарии