Жаңы жылдык иш-чара
2025-жылдын Жаңы жылын тосууга даярдануу жана өткөрүү максатында 2024-жылдын 20-ноябрындагы Бишкек шаарынын мэринин №276-р токтомунун негизинде бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү:
- Жаңы жылдык иш-чаралардын графиги түзүлүп, бекитилди.
Окуучулар үчүн “Жаңы жылдык балаты” программасы даярдалды, бардык этаптар белгиленген мөөнөттө жүргүзүлдү.
- Коопсуздук боюнча № 76 буйруктун негизинде инструктаждар өткөрүлдү.
Мектеп администрациясы жана мугалимдер окуучуларга жана ата-энелерге коопсуздук эрежелери боюнча маалымат беришти. Мындан тышкары, иш-чара учурунда коомдук тартипти сактоо жана өрт коопсуздугу боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
- Жаңы жылдык декорациялар даярдалды.
Бардык класстарда жана мектеп имаратында майрамдык кооздоолор уюштурулуп, Жаңы жылдык маанай түзүлдү.
- Коопсуздукту камсыздоо үчүн күчөтүлгөн күзөт уюштурулду.
Иш-чаралар учурунда жана майрам күндөрүндө мектепте жана анын айланасында күзөтчү мугалимдер, жаш өспүрүмдөр инспекторлору жана башка коопсуздук кызматкерлери күзөткө турушту.
- Театр жана тарби иштери боюнча директордун орун басары, мектеп уюштуруучулары, класс жетекчилер коопсуздук жоопкерчилигин алышты.
“Байчечекей” театрынын администрациясы коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн чараларды көрдү. Класс жетекчилер окуучулардын жүрүм-турумун көзөмөлдөп, зарыл учурларда уюштуруучуларга маалымат берип турушту.
Жыйынтык: Жаңы жылдык иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү. Бардык коопсуздук чаралары аткарылып, окуучулар үчүн жагымдуу маанай түзүлдү.
Комментарии