Улуу акын Сүйүнбай Эралиевдин 105 жылдыгы
Сүйүнбай Эралиевдин 105 жылдыгына арналган иш-чаралар боюнча отчет
№51 орто мектебинде улуттун улуу акыны Сүйүнбай Эралиевдин 105 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын алкагында тематикалык класстык сааттар, адабий кечелер, көркөм окуу боюнча сынактар, акындын чыгармачылыгына арналган китеп көргөзмөлөрү уюштурулду. Окуучулар Сүйүнбай Эралиевдин чыгармаларын жат айтып, ырлардан сахналаштырууларды көрсөтүшүп, презентация жана чыгармачылык иштерди даярдашты.
Бул иш-чаралар окуучулардын кыргыз адабиятына болгон кызыгуусун арттырып, мекенчилдикти жана улуттук мураска болгон сый-урматты калыптандырууга багытталды
Комментарии