“Топтук мушташтарды алдын алуу”, “Петардалар жана алардын коркунучу” боюнча лекция
2024-жылдын 22-ноябрында №51 орто мектепте Т.Н. Оркулова Айжан 7-класстан 11-класска чейинки окуучуларга “Топтук мушташтарды алдын алуу” боюнча лекция өттү. Лекциянын жүрүшүндө видеороликтер көрсөтүлдү.
2024-2025-окуу жылында жана мындан ары да укук бузууларды алдын алуу боюнча лекциялар өткөрүлөт.
Милициянын капитаны Оркулова Айжан окуучулар үчүн “Петардалар жана алардын коркунучу” темасында 16.12.2024 күнү лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө пиротехникалык каражаттарды колдонууда пайда болуучу коркунучтар жана коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү. Иш-чара окуучуларды маалыматтандырууга жана алардын коопсуздук боюнча жоопкерчилигин жогорулатууга багытталды. Андан сырткары класс жетекчилерге класстары менен класстык саат өткөрүп, ата-энелерге маалымат берилүүсү милдеттендирилди.
Комментарии