«Тамекисиз мектеп»
«Тамекисиз мектеп» темасындагы иш-чаралар боюнча отчет
Бекитилген пландын негизинде, №51 орто мектебинде 3-11-класстар арасында «Тамекисиз мектеп» темасында иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты – окуучулардын арасында зыяндуу адаттардын алдын алуу, ден соолукка болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана тамекинин зыяны тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.
- Максаты:
Окуучулардын тамеки тартууга туруктуу терс мамилесин калыптандыруу, ден соолукка жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүү жана тамеки тартуунун зыяндары жөнүндө маалымдуулукту жайылтуу.
- 2. Өткөрүлгөн иш-чаралар:
- 3-11-класстар: Бардык окуучулар үчүн «Зыян, тамеки, ден соолукка коркунуч» деген темада класс сааттары уюштурулду. Класс жетекчилер окуучулар менен тамекинин негизги коркунучтары жөнүндө талкуулап, бул зыяндуу адатка терс мамиле калыптандырды.
- 5-6-класстар: «Тамекиге жол жок» деген темада сүрөттөрдүн конкурсу өткөрүлдү. Бардык окуучулар өз эмгектерин тапшырды жана бул көйгөйгө карата өз ой-пикирлерин чыгармачылык менен көрсөттү.
- 7-класстар: «Тамекиге жол жок» деген темада дубал газеталарын чыгарышты. Газеталар мектептин коридорлоруна илинди.
- 8-класстар: «Эмне үчүн тамеки тартуу зыяндуу?» деген темада видеороликтер жана презентациялар даярдалды. Даярдалган эмгектер башка класстардын окуучуларына көрсөтүлдү.
- 11-класстар: «Тамеки тартуу: тандоо эркиндик же адашуу» деген темада тегерек стол өткөрүштү. Улуу класстын окуучулары бул көйгөйдүн укуктук, медициналык жана социалдык жактарын талкуулашты.
- Жыйынтыгы:
Иш-чаралар окуучулардын тамеки тартуунун коркунучун түшүнгөнүн жана дени сак жашоо образын колдоого даяр экенин көрсөттү. Сүрөттөр конкурсу жана дубал газеталарын чыгаруу окуучулардын көйгөйдү чыгармачылык менен чагылдыруусуна мүмкүнчүлүк берди. Ал эми класс сааттары, видеороликтер жана тегерек стол аларга жаңы маалыматтарды алууга жана актуалдуу маселелерди талкуулоого шарт түздү.
Комментарии