СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү
2024-жылдын 1-декабрында СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү мектепте бир катар иш-чаралар менен белгиленди.
- Класстык сааттар өткөрүлдү.
7-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн СПИД жана ВИЧ-инфекциясы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу максатында тарбиялык сааттар уюштурулду. Мугалимдер окуучуларга бул оору жөнүндө маалымат берип, алдын алуу чаралары жана анын коом үчүн кооптуулугу тууралуу талкуулашты.
- Дубал газетасы даярдалды.
Окуучулар СПИД темасына арналган дубал газета чыгарууга активдүү катышышты. Газетада оору тууралуу маалыматтар, алдын алуу чаралары жана ураандар көрсөтүлдү.
- Маалыматтандыруу иштери жүргүзүлдү.
Окуучуларга СПИДдин алдын алуу боюнча негизги эрежелер түшүндүрүлүп, дарыгерлердин сунуштары менен бөлүшүштү.
Жыйынтык: Иш-чаралар окуучулардын бул глобалдык көйгөй тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүп, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөдү.
Комментарии