«Өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана тамеки чегүүнүн алдын алуу» темасында лекция өткөрүлдү.
2025-жылдын 23-январында №51 ЖОББ мектебинде 9-10-класстардын окуучуларына «Өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана тамеки чегүүнүн алдын алуу» темасында лекция өткөрүлдү.
Чакырылган коноктор:
- Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын доценти Тукуев Аманбек Жолдошович.
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын өкүлү Турусбеков Адилет Турусбекович.
- Улуттук ден соолукту чыңдоо борборунун (РЦУЗ) дарыгери Калиева Анара Жумабековна.
- №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ЦСМ) дарыгери Татыбекова Кумушай Жумабековна.
- Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу РИИБдин КККнын ЖЖИнин башчысы милициянын подполковниги Акбашов Нурбек Эрикович.
- Милициянын капитаны, №51 ЖОББ мектебинин ЖЖИ Оркулова Айжан Аскарбековна.
- Иш-чаранын ачылышы.
Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары иш-чараны ачып, чакырылган адистерге ыраазычылык билдирди. Өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана тамеки чегүүнүн алдын алуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
- Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын доценти Тукуев Аманбек Жолдошовичтин сөз сүйлөдү.
Доцент өспүрүмдөр арасында көп кездешкен укук бузуу түрлөрү жөнүндө айтып, мыйзам боюнча жоопкерчиликтерди кеңири түшүндүрүп берди. Айрыкча айып пулдар жана мындай аракеттердин келечекке тийгизген кесепеттери жөнүндө баса белгилеп өттү.
- Милициянын капитаны Оркулова Айжан Аскарбековнанын сөз сүйлөдү.
Айжан Аскарбековна тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жана анын жаш организмге тийгизген таасири жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасында тамеки чегүү укук бузуу болуп саналаары жана бул үчүн жоопкерчилик каралгандыгы жөнүндө айтты.
- Улуттук ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Калиева Анара Жумабековнанын сөз сүйлөдү.
Анара Жумабековна зыяндуу адаттардын узак мөөнөттүү кесепеттери жөнүндө айтып, жаш кезден эле дени сак адаттарды калыптандыруунун зарылдыгын белгиледи.
- №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Татыбекова Кумушай Жумабековнанын сөз сүйлөдү.
Кумушай Жумабековна тамеки чегүүнүн медицинадагы кесепеттери, атап айтканда дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле өспүрүмдөргө ден соолукка кам көрүү боюнча сунуштарды берди.
- Свердлов райондук прокуратурасынын өкүлү Турусбеков Адилет Турусбековичтин сөз сүйлөдү.
Адилет Турусбекович өспүрүмдөрдүн укук бузуу үчүн жоопкерчилиги, анын ичинде административдик жана кылмыштык чаралар тууралуу айтып берди. Ал иш жүзүндө болгон мисалдарды келтирип, мындай кырдаалдардын алдын алуунун жолдорун түшүндүрдү.
- Суроолор жана талкуу.
Окуучулар ар кандай укук бузуу түрлөрү боюнча жазалар, тамеки чегүүнүн зыяндуулугу тууралуу суроолорду активдүү беришип, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору тууралуу ой бөлүшүштү.
- Иш-чаранын жабылышы.
Мектептин администрациясы чакырылган конокторго пайдалуу маалыматтары үчүн ыраазычылык билдиришти, ал эми окуучуларга жоопкерчиликтүү болуу жана ден соолукту сактоого кам көрүү сунушталды.
Жыйынтык:
Лекция ийгиликтүү өттү. Окуучулар укук бузуу, анын кесепеттери жана тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө пайдалуу маалымат алышып, дени сак жана мыйзамга баш ийген жашоо образын карманууга мотивация алышты.
Комментарии