Сүйүнүчтүү кабар! Биздин “кыргыз адабияты” кабинети сынактарда эң мыкты жыйынтыктарга жетишти! 🏆
Райондук кабинет сынагында биз экинчи орунга, ал эми шаардык кабинет сынагында үчүнчү орунга ээ болдук!
жетекчиси: Өмүрбекова Жылдыз Нааматбековна
Айрыкча, биздин инновациялык жаңылыктарыбыз жогору бааланды: кабинетте электрондук китепкана түзүлүп, ага QR-коддор аркылуу кирүүгө болот. Бул окуу процессин ыңгайлуу жана заманбап кылат.
Биздин кабинет бардык заманбап талаптарга жооп берет. Бул жерде окуучулар кубаныч менен окуп, телефонун пайдалуу максаттарга колдонуп, сапаттуу билим ала алышат.
Мындай кабинетти түзүүнүн максаты – билим берүүнүн кызыктуу жана жогорку технологиялуу болушун көрсөтүү. Заманбап технологиялар кыргыз адабиятын окутуу процессин дагы кызыктуу жана пайдалуу кылууга жардам берет.
Бизге колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз! Бирге биз дагы бийиктиктерге жетебиз!
Комментарии