PISA
№51 ЖОББМ окуучуларынын PISA эл аралык изилдөөсүнө катышуусу
2025-жылдын 21-апрелинде №51 орто мектебинин 2009-жылы туулган окуучулары Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөрүлгөн PISA (Programme for International Student Assessment) эл аралык тестирлөөгө катышышты.
Тестирлөө бардык уюштуруу жана техникалык талаптарга ылайык ийгиликтүү өткөрүлдү. Окуучулар жогорку жоопкерчилик менен катышып, окуу, математика жана жаратылыш таануу сабактарындагы билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтө алышты.
Бул мүмкүнчүлүктү түзүп берген Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле иш-чаранын уюштурулушуна көмөк көрсөткөн бардык мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии