Мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чара
Мугалимдер күнү
№51 ЖОББМнын мугалимдер күнүнө карата иш-чара болуп өттү: 4-октябрь 2024-жыл
Иш-чаранын максаттары:
- Окуучулар менен мугалимдердин ортосунда жагымдуу моралдык климатты калыптандырууга негиз салуу
- Окуучулар менен мугалимдердин биргелешкен иш-чараларын уюштуруу;
- Окуучулардын баарлашуу жана жүрүм-турум көндүмдөрүн оңдоо.
Мугалимдер күнүнө арналган концерт өзгөчө жылуу жана шаңдуу өттү. Бул иш-чара 11-класстын окуучулары тарабынан даярдалды.
Иш-чаранын башында “Ману” бий тобунун шаңдуу бийи тартууланып, андан соң мектептин директору Үмөталиева К.Д., мугалимдерди ушундай салтанаттуу күн менен куттуктады.
Бул иш-чара 11-класстын окуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү. Окуучулар ар кандай бий жана вокалдык номерлерди көрсөтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен мугалимдердин ортосундагы жагымдуу маанайды көрүүгө болот.
Концерттин аягында студенттер жыйынтыктоочу ырды аткарышты. Бул ырды укканда баары бир демде ырды угуп жатканын байкаса болот. Ал эми жабылуу ырынан кийин бардык концерттин катышуучулары мугалимдерди жакшы каалоо-тилек менен узатышты.
Бул күнү окуучулар мугалимдерди алмаштырышты. Мугалимдердин ордуна сабак өтүштү. Сабак берген окуучулардын тизмеси тиркелет.
Комментарии