Лекция
«Өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болуусу, контрацепция, ВИЧ-инфекция жана ЖЖБИ (жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар)» темасында лекция өткөрүлдү
Өткөрүлгөн күнү:23.04.2025
Лектор: Муктарбекова С.Ж., Үй-бүлөлүк медицина борбору №5тин адиси
Өткөрүлгөн жер: №51 ЖОББМ
Иш-чаранын максаты:
Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик саламаттык боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жана ВИЧ-инфекцияны алдын алуу, ошондой эле эрте кош бойлуулуктун кесепеттерин түшүндүрүү жана алдын алуу боюнча билим берүү.
Катышуучулар: 9-10-11-класстардын окуучулары.
Жалпы катышкан окуучулар саны: 193.
Лекциянын мазмуну:
- Өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болуусунун себептери жана кесепеттери.
- Контрацепциянын түрлөрү жана аларды туура колдонуу жолдору.
- ВИЧ-инфекциянын жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары.
- Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (ЖЖБИ): белгилери, оорулардын алдын алуу жана өз убагында дарыгерге кайрылуунун маанилүүлүгү.
- Өз саламаттыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун зарылдыгы.
Жыйынтык:
Лекция окуучулар арасында чоң кызыгуу жаратты. Иш-чаранын соңунда суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Катышуучулар лекциядан алган маалыматтары келечекте туура жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга жардам бере тургандыгын белгилешти.
Комментарии