«Китеп жарманкеси»
№51 ЖОББМде өткөн «Китеп жарманкеси» тууралуу отчёт
Жарманкенин планы:
1.Жарманкенин орду тууралуу мектеп администрациясы менен макулдашып алуу.
- Жарманке тууралуу маалыматты мектеп боюнча жайылтуу.
- Өтүүчү жайды даярдоо
- Окуучулар үчүн окуу китептеринин бар экендиги жөнүндө маалыматты китепканачыдан алуу.
- Иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу.
Китеп жарманкесинин максаты:
- Окуу китептерин жана башка көркөм адабияттарды сатып алуунун жана алмашуунун жеңил жана тез системасын түзүү;
- Окуучулардын убактысын жана акчасын үнөмдөө;
- Окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу.
Биздин мектептин көйгөйү: мектептин китепканасында окуу китептеринин жана окуу адабияттарынын жетишсиздиги. Ошондо китеп жарманкесин түзүү идеясы пайда болду. Жарманкеде негизги китеп окуу китептери жана окуу адабияттары болушу керек. Мектепте бир нече жылдан бери окуу китептерин класстан класска өткөрүү практикаланып келет. Жарманкеде окуучулар кенже класстын балдарына керексиз окуу китептерин жана окуу адабияттарын сунуштай алышат. Көптөр келерки окуу жылына окуу китебин сатып алууга же керексиз адабияттарды керектүү китепке алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Жарманкенин алдында китепканабызга барып, китепканачыдан мектепте кайсы окуу китептери боюнча көйгөйлөр бар экенин сурадык. Маселен, мектепте орус тили боюнча окуу китептери жетишпейт экен. Жарманкеден эски, бирок жакшы абалда 100 сомго сатып алсаңыз болот. Ар бир класс үчүн окуу китептеринин авторлору тууралуу маалыматтарды даярдап, бул маалыматты таратуу биздин башкы милдеттенебиз болду.
Жарманке өтүп, ийгиликке жеттик.
Комментарии