«Күзгү бал»
7 жана 8-класстар арасында кызыктуу жана жаркын «Күзгү бал» сынагы өттү. Иш-чаранын максаты – окуучулардын, класстардын жана класс жетекчилердин ортосунда достукту жана ынтымакты чыңдоо болду. Бул максатка жеттик деп ишенебиз: катышуучулар жана күйөрмандар бири-бирин кызуу колдоп, иш-чарада кубаныч жана биримдик өкүм сүрдү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй бөлүндү:
7-класстар арасында:
- Гран-при — 7 «Д»
- Биринчи орун — 7 «В»
- Экинчи орун — 7 «К» жана 7 «Г»
- Үчүнчү орун — 7 «Б»
8-класстар арасында:
- Гран-при — 8 «В»
- Биринчи орун — 8 «Б»
- Экинчи орун — 8 «А» жана 8 «Д»
- Үчүнчү орун — 8 «Г»
Бардык катышуучулар сыйлыктарын салтанаттуу линейкада алышат.
6-класстар үчүн «Күзгү түшүм» аттуу сынак уюштурулду
Бул иш-чаранын максаты – окуучулардын ден соолукка пайдалуу жашоо образына болгон кызыгуусун арттыруу жана күзгү түшүмдүн баалуулугун сактап калууга үндөө болду. Сынак учурунда окуучулар ар кандай мөмө-жемиштердин пайдалуу касиеттери жөнүндө айтып, фастфуддун, газдалган жана таттуу суусундуктардын зыяны тууралуу талкуулашты. Бардык класстар мыкты даярдыктарын көрсөтүшкөндүктөн, гран-прини бардык катышуучулар жеңип алышты.
5-класстар болсо «Күзгү кол өнөрчүлүк» сынагына катышышты.
Бул иш-чара окуучулардын фантазиясын, чыгармачылыгын жана жоопкерчилигин өстүрүүгө, ошондой эле жаңы класс жетекчилер менен окуучулардын ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй бөлүндү:
- Гран-при — 5 «К»
- Биринчи орун — 5 «Г» жана 5 «Д»
- Экинчи орун — 5 «В» жана 5 «Б»
Калыстар тобу – кыргыз тили мугалими Садирдинова Перизат Маратовна, биология мугалими Татьяна Викторовна жана тарых мугалими Айнагүл Матибраимовна – бардык катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилешти. Калыстар тобунун төрайымы болуп тарбия иштери боюнча директордун орун басары Муниза Рыскулбековна чыкты.
Биз бардык класс жетекчилерге чоң ыраазычылык билдиребиз! Алардын эмгеги жана чыгармачылыгы менен сынак окуучулар жана мугалимдер үчүн чыныгы майрамга айланды.
Комментарии