Гуманитардык цикл – орус тили жана адабияты кафедрасынын декадасы
№51 орто мектебинде гуманитардык циклге таандык кафедранын (орус тили жана адабияты) декадасы өткөрүлдү. Декаданын алкагында мугалимдер тарабынан бир катар кызыктуу жана пайдалуу иш-чаралар уюштурулду.
Ачык сабактар, адабий викториналар, чыгармачылык сынактар, сахналаштыруулар жана сабактан тышкаркы иш-чаралар өтүп, окуучулардын орус тилине жана адабиятына болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Ар бир иш-чара заманбап усулдар менен өткөрүлүп, окуучулар активдүү катышышты.
Декада жогорку деңгээлде өттү. Окуучулар чоң кызыгуу менен катышышып, мугалимдер өз кесипкөйлүгүн жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтө алышты.
Жыйынтык: Декада окуучулардын орус тилине жана адабиятына болгон мотивациясын арттырууга, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана мугалимдер ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түздү.
Комментарии