«Эч ким, эч качан унутулбайт»
Уюштуруучулар: Тарых мугалимдери
2025-жылдын 14-февралында №51 орто мектебинде «Эч ким, эч качан унутулбайт» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Ата Мекенди коргоочулар күнүнө жана Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналды.
Иш-чарага чакырылган коноктор, КМУнин Тарых жана Регион таануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы, ошондой эле мектептин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Тарых мугалимдери кеңири программа даярдашты. Алар тарыхый баяндамаларды, лекцияларды, презентацияларды сунуштап, согуштун күбөлөрүнүн эскерүүлөрүнө өзгөчө көңүл бурушту. Айрыкча, жоокерлердин жана арткы фронтто эмгектенген адамдардын эрдиктери жана алардын жеңишке кошкон салымы баса белгиленди.
Иш-чара окуучулардын патриоттук тарбиясын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, тарыхый окуяларды эске салуу жана ата-бабаларыбыздын эрдигин унутпоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.
Комментарии