Чет тилдер кафедрасынын декадасы
№51 орто мектебинин чет тилдер кафедрасынын декадасы
2025-жылдын 24–28-февралында №51 орто мектебинде Чет тилдер декадасы өткөрүлдү. Декаданын алкагында окуучулардын тил билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү жана чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгуусун арттыруу максатында бир катар ачык сабактар уюштурулду.
Декаданын ачылышы
24-февралда саат 08:00дө декаданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Чет тилдер кафедрасынын мугалимдери окуучуларды декада менен тааныштырып, анын максаттары жана маанилүүлүгү жөнүндө айтып өтүштү.
Ачык сабактар
Аптанын ичинде төмөнкү ачык сабактар өткөрүлдү:
- 26-февраль :
- Озубекова М.Э. 3Г класста «Animals – Жаныбарлар» темасында сабак өттү
- 27-февраль (бейшемби):
- Романова Г.С. 6А класста «Kleine Hexe – Методы работы с текстом и новыми словами» темасында сабак өттү
- Айдаркулова Э.М. 5В класста «Lebensmittel – Пищевые продукты» темасында сабак өттү
- Бакенова А.И. 4Г класста «What do you like doing at the weekend? – Дем алыш күндөрү эмне кылууну жактырасыз?» темасында сабак өттү
- Жайчыбекова А.М. 4А класста «Where are you from? – Сен кайдансың?» темасында сабак өттү
- 28-февраль:
- Качанова А.У. 6Д класста «Farm animals – Ферма жаныбарлары» темасында сабак өттү
Декаданын жабылышы
28-февралда саат 10:00дө актовый залда декаданын салтанаттуу жабылышы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө декаданын жыйынтыктары чыгарылып, окуучулардын жетишкендиктери белгиленип, активдүү катышкан окуучулар сыйланды.
Чет тилдер декадасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ачык сабактарда окутуунун ар кандай ыкмалары колдонулуп, окуучулар активдүү катышып, чет тилдерди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Мугалимдер заманбап технологияларды, оюн жана интерактивдүү методдорду колдонушуп, окуучулардын материалды жакшы өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзүштү.
Комментарии