«Биз жана космос»
«Биз жана космос» темасында сүрөттөр сынагы жана көргөзмө уюштулду.
Жетекчилер: Адыкова Г.А., Исмаилова А.
Катышуучулар: 2-класстан 7-класска чейинки окуучулар
Иш-чаранын максаты:
Окуучулардын астрономияга болгон кызыгуусун ойготуу, дүйнө таанымын кеңейтүү, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, көркөм жөндөмдөрүн жана космосту өздөштүрүүдөгү жетишкендиктерди изилдөө аркылуу мекенчилдик сезимин өнүктүрүү.
Иш-чаранын жүрүшү:
10-апрелден 15-апрелге чейин Космос жумалыгынын алкагында мектепте «Биз жана космос» аттуу сүрөттөр сынагы жана көргөзмө уюштурулду. Бул иш-чарага 2-класстан 7-класска чейинки окуучулар катышып, 50дөн ашык жаркын жана өзгөчө сүрөттөр тартылып көрсөтүлдү. Ар бир иште космос, планеталар, космонавттар жана келечектеги космостук иликтөөлөр тууралуу окуучулардын көз карашы чагылдырылды.
Жыйынтыгы:
• Окуучулардын активдүүлүгү жогору болду, ар бир катышуучу чыгармачылык мамиле жасады.
• Эң мыкты иштерге грамота тапшырылып, мектептин фойесинде коюлду.
• Иш-чара окуучулардын илимге кызыгуусун арттырууга жана адамзаттын космостук жетишкендиктери үчүн сыймыктанууга түрткү берди.
Жыйынтык:
«Биз жана космос» сынагы окуучулардын мекенчилдик жана эстетикалык тарбиясында маанилүү баскыч болду. Мындай иш-чаралар мектеп окуучуларынын таанып-билүү жана чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Комментарии