Башталгыч класстар кафедрасынын декадасы
2025-жылдын 21–30-апрель аралыгында орус жана кыргыз башталгыч мектептеринин декадасы өткөрүлдү. Анын алкагында башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан бир катар ачык сабактар өтүлүп, заманбап усулдар колдонулуп, окуучулардын активдүүлүгү жогору деңгээлде байкалган.
Ачык сабактар төмөнкүдөй тартипте өткөрүлдү:
- Кашкеленова Ч. Ш. — 2-Г класста математика сабагы «Эки көбөйтүү» темасында, 22-апрелде саат 14:20да
- Аманова М. А. — 3-Д класста адабий окуу сабагы «Өрт» темасында, 22-апрелде саат 08:50дө
- Богаченко А. В. — 3-Б класста орус тили сабагы «Имя прилагательное. Обобщение имени прилагательного» темасында, 23-апрелде саат 08:50дө
- Майрамбекова А. М. — 2-К класста «Мен жана дүйнө» сабагы «Транспорт-унаа» темасында, 24-апрелде саат 12:10до
- Кокумбекова А. К. — 2-В класста «Мен жана дүйнө» сабагы «Жапайы жана үй жаныбарлары. Ар бир жаныбарга кам көрүү керек» темасында, 24-апрелде саат 15:10до
- Бекбоева А. А. — 3-В класста окуу сабагы «Төө эмнеге өркөчтүү?» темасында, 25-апрелде саат 10:30да
Өтүлгөн ачык сабактар окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык уюштурулуп, мугалимдер тарабынан жогорку кесипкөйлүк, чыгармачылык жана жаңычыл усулдар колдонулду.
Декаданын жыйынтыгында мугалимдердин даярдыгынын жогорку деңгээлде экендиги, заманбап технологияларды жана усулдарды колдонуу аркылуу билим сапатын жогорулатууга болгон умтулуусу байкалууда.
Комментарии