Бүткүл дүйнөлүк кутурмага каршы күрөшүү күнү жыл сайын 28-сентябрда мектепте белгиленет.
№ 51 ЖОББМ
«Кутурма» темасында өткөрүлгөн иш-чаранын отчёту
Кутурма – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу жугуштуу оору. Кутурма менен көбүнчө жапайы жаныбарлар – карышкырлар, түлкүлөр, аюулар, жана башкалар жабыркайт. Алар тиштегенде же шилекейи чыкканда үй жаныбарлары жана адамдар оорушат. Кутурма көбүнчө үй жаныбарлары аркылуу адамдарга жугат. Көчө иттери жана мышыктар өзгөчө коркунуч туудурат. Үй жаныбарлары бири-биринен жана жапайы жаныбарлардан жугушу мүмкүн.
Алты айдын ичинде. Бишкек шаарында 1973 адам гидрофобияга чалдыгып калуу коркунучунда болгон, алардын 35,3%ы 14 жашка чейинки балдар.
Бүткүл дүйнөлүк кутурмага каршы күрөшүү күнү жыл сайын 28-сентябрда белгиленет.
2024-жылы №51 ЖОББМде кутурма оорусунун алдын алуу максатында тематикалык сабактар, лекциялар, баарлашуулар өткөрүлдү. Окуучулар «кутурма» түшүнүгү, кутурма оорусунун белгилери жана жугузуу жолдору менен таанышты, кутурма оорусунун алдын алуу чаралары менен таанышты. Ошондой эле «Кутурма оорусунун алдын алуу», «Кутурма деген эмне?» аттуу дубал гезиттердин сынагы өткөрүлдү. Андан соң биринчи кабатта гезиттердин көргөзмөсү уюштурулду.
Бардык активдүү окуучуларга грамота тапшырылды.
Комментарии