Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган иш-чаралар
2025-жылдын март айында Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу №51 орто мектебинде Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаралардын алкагында мугалимдер жана окуучулар активдүү катышып, Алыкулдун чыгармачылыгын ар тараптуу чагылдырган маданий жана адабий сааттар уюштурулду.
Өткөрүлгөн негизги иш-чаралар:
- “Алыкул жана музыка” — музыкалык кече (1–4-класстар)
- “Алыкул көркү” — сүрөт көргөзмөсү (5-класс)
- “Алыкул жана көз ирмемдер” — поэзия кечеси (8-класс)
- “Алыкул жана жашоо” — китеп көргөзмөсү (9-класс)
- “Жарыш ыр” — дубал гезит (7-класс)
- “Адабияттын саңгысы” — “Чолпон жылдызы” дубалы (10-класс)
- “Музейге саякат” — адабият музейине экскурсия (11-класс)
- Онлайн тестирлөө жана А.Осмоновдун чыгармаларын окуу сынактары өткөрүлдү.
Максаты
- Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын терең таанытуу;
- Окуучулардын поэтикалык табитин жана эстетикалык кабылдоосун өнүктүрүү;
- Патриоттук сезимдерди жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматты калыптандыруу;
- Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн жана изилдөөчүлүк көндүмдөрүн арттыруу.
Жыйынтыгы
Иш-чаралар ийгиликтүү өтүп, мектеп жамааты тарабынан жогорку баа берилди. Ар бир класс өз деңгээлине жараша кызыктуу жана мазмундуу иш-чараларды даярдап чыкты. Окуучулар Алыкул Осмоновдун чыгармаларына кызыгуу менен мамиле кылып, поэзияга болгон сүйүүсүн айгинелешти. Мугалимдердин демилгеси менен өткөрүлгөн бул жумалык окуучулардын чыгармачылык потенциалын ачып, адабиятка болгон мамилени арттырды.
Мыкты активдүү катышкан класстар жана окуучулар сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Комментарии