Акыркы коңгуроо учурунда окуучулардын коомдук тартипти сактоосу жана коопсуздугу боюнча алдын алуу
УПСМ инспектору Садыков Кылыч Моңолбекович 28-апрель күнү 9–11-класстар арасында алдын алуу лекциясын өткөрдү.
Максаты:
Акыркы коңгуроо учурунда окуучулардын коомдук тартипти сактоосу жана коопсуздугу боюнча алдын алуу.
Лекцияда каралган негизги маселелер:
- Коомдук жайларда тартипти сактоо жана жүрүм-турум эрежелерин аткаруу милдети.
- Тоого өз алдынча чыгуу жана ата-энелердин же мугалимдердин көзөмөлүндө болбоо.
- Жапырт иш-чараларды өз алдынча уюштуруу жана аларга катышуу тыюу салынат.
- Кафе, ресторан жана башка эс алуу жайларына баруу тыюу салынат.
- Окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн тартип бузуулар жана коопсуздукту сактоо боюнча жоопкерчилик.
Лекция учурунда инспектор тартип бузууларга каршы жазалануу жана коопсуздукту сактоо маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрмө берип, окуучуларга пикир алышуу мүмкүнчүлүгүн берген. Окуучулар активдүү катышып, коопсуз жүрүм-турум боюнча суроолорду беришти жана эскерткеч кагаздар алышты.
Комментарии