Ак калпак күнү
5-март күнү №51 ЖОББ мектебинде кыргыз элинин улуттук сыймыгы жана маданий мурасы болгон Ак калпак күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында 11-класстын окуучулары калпактын тарыхы, анын кыргыз маданиятындагы орду тууралуу баяндап, көркөм окууларды, обонуу ырларды жана улуттук ырларды тартуулашты.
Класс жетекчилер «Ак калпак – кыргыз элинин сыймыгы» деген темада класс сааттарын өткөрүп, окуучуларга калпактын кыргыз элинин жашоосундагы мааниси жана ага байланыштуу салттар жөнүндө түшүндүрмө беришти.
Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Мукарбекова Д.Н. Ак калпак күнүнө арналган класстык сааттардын иштелмелерин чогултуп, системалаштырып, аларды мындан ары билим берүү процессинде пайдаланууга шарт түздү.
№51 ЖОББ мектебинде Ак калпак күнү жогорку деңгээлде өтүп, өсүп келе жаткан муундун улуттук маданиятка жана салттарга болгон сый-урматын арттырууга чоң өбөлгө түздү.
Комментарии