9-Май – Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы
Иш-чаранын максаты: окуучуларга патриоттук тарбия берүү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине болгон урмат-сыйды калыптандыруу, тарыхты баалоого үйрөтүү жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Өткөрүлгөн иш-чаралар:
- Тобоева М.К. — 6-класстын окуучулары менен кол өнөрчүлүк иш-чарасын өткөрдү.
Темасы: «Жеңиштин символдору» (Георгий тасмасы, тынчтыктын белгиси болгон көгүчкөн, кызыл карагат гүлү ж.б.).
- Исмаилова А. — 5-класстын окуучулары менен кол өнөрчүлүк жасоо иш-чарасын уюштурду.
Темасы: «Ардагерге открытка» — окуучулар куттуктоо открыткасын жана чакан белектерди даярдашты.
- Адыкова Г. — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.
Көргөзмөгө окуучулардын чыгармачыл эмгектери коюлду.
Жыйынтыгы:
Иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүп, окуучулар активдүү катышып, чоң кызыгуу жана чыгармачылык менен мамиле кылышты. Патриоттук тарбия берүү жана Улуу Жеңишке болгон урмат-сый терең жеткирилди.Активдүү катышкан окуучуларга Ардак грамоталар ыйгарылды.
Комментарии