9-декабрь «Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Эл аралык күнү»
. «Коррупция – коомго коркунуч жана аны жеңүү жолдору» аттуу тегерек стол
Иш-чаранын максаты:
- Жогорку класстын окуучуларында коррупциянын коомго тийгизген терс таасири тууралуу түшүнүк калыптандыруу жана жарандык активдүүлүктү өстүрүү.
Жыйынтык:
- Тегерек стол 10-11-класстын окуучулары менен өткөрүлдү.
- Талкуу учурунда коррупциянын себептери, анын коомдун өнүгүшүнө тийгизген таасири жана ага каршы күрөшүү жолдору жөнүндө маселелер козголду.
- Окуучулар активдүүлүк көрсөтүп, өз ой-пикирлерин айтышып, суроолорду беришти.
Натыйжа:
- Окуучулардын коррупция тууралуу түшүнүгү жогорулады.
- Бардык класстын жетекчилери иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышты.
- «Адам жана коом» сабагынан ачык сабактар
Иш-чаранын максаты:
- Окуучулардын коррупцияга каршы күрөшүүнүн укуктук жана моралдык аспектилери боюнча билимдерин калыптандыруу.
Жыйынтык:
- Ачык сабактарды мугалимдер өткөрүштү:
- Назира Рысбаева – 8-класска
- Айнагүл Салиева – 9-класска
- Кымбат Мусаева – 10-класска
- Сабактар интерактивдүү талкуу, кырдаалдык тапшырмалар жана ой жүгүртүүлөр түрүндө өттү.
Натыйжа:
- Окуучулар талкууларга активдүү катышып, коррупция жана анын кесепеттери тууралуу маанилүү билимдерге ээ болушту.
- Сабактын материалдары жана конспекттери мектеп администрациясына тапшырылды.
- Коррупцияга каршы күрөш темасында класс сааттары
Иш-чаранын максаты:
- Окуучуларда адилеттүүлүк, чынчылдык жана жарандык жоопкерчилик сезимин калыптандыруу.
Жыйынтык:
- Класс сааттары 5-11-класстарда өткөрүлдү.
- Класс жетекчилер даярдаган темалар белгиленген убакытта өткөрүлүп, материалдар тапшырылды.
Натыйжа:
- Окуучулар коррупциянын келечегине жана коомго тийгизген таасири жөнүндө түшүнүк алышты.
- Бардык класс сааттарынын иштелмелери мектеп архивинде сакталууда.
- «Коррупцияга жол жок!» темасында сүрөт сынагы
Иш-чаранын максаты:
- Окуучулардын чыгармачылык жөндөмү аркылуу коррупция көйгөйүнө көңүл буруу.
Жыйынтык:
- Сынакка 5-9-класстын окуучулары катышты.
- Сүрөттөр белгиленген мөөнөттө (9-декабрга чейин) тапшырылып, эң мыкты эмгектер мектеп көргөзмөсүнө тандалды.
Натыйжа:
- Окуучулар чыгармачылык жана активдүүлүк көрсөтүп, маанилүү ой-түшүнүктөрдү чагылдырган эмгектерди жаратышты.
- Сынакта жеңүүчүлөр жакынкы сапта ардак грамоталар менен сыйланышат.
Жалпы жетишкендиктер:
- Бардык иш-чаралар план боюнча жана белгиленген мөөнөттө өткөрүлдү.
- Бардык материалдар (класс сааттарынын иштелмелери, ачык сабактардын конспекттери, сүрөттөр) тапшырылып, мектеп документтеринде сакталууда.
- Иш-чаралар тууралуу маалымат жана жетишкендиктер мектептин расмий сайтына жайгаштырылды.
- Окуучулардын коррупция, анын кесепеттери жана коомдо чынчыл жүрүм-турумдун маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулугу жогорулады.
Тарбия иштери боюнча директорду орун басары Рыскулбекова М.Р.
Комментарии