“Зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер” акциясынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар
1. “Зомбулук” жана “Гендердик теңдик” темасында класстык сааттарды өткөрүү
Максаты: Окуучулардын гендердик теңдик жана зомбулукту алдын алуу боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, актуалдуу темаларды талкуулоо аркылуу түшүнүктөрүн кеңейтүү.
Жыйынтыктар:
- №51 мектептин бардык мугалимдери тарабынан 5-класстан 11-класска чейин окуучулар үчүн класстык сааттар өткөрүлдү.
- Тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары сабактарга катышып, көзөмөл жана колдоо көрсөтүштү.
- Мугалимдер видеоматериалдар менен коштолгон иштеп чыгуу пландарын даярдап, сапаттуу даярдыкты камсыз кылышты.
- Окуучулар иш-чараларга активдүү катышып, өз ой-пикирлерин бөлүштү, маселени алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.
2.“Зомбулук, гендердик укук жана теңдик” темасында тегерек стол өткөрүү
Максаты: Окуучулардын талкуулоо көндүмдөрүн өнүктүрүү жана адам укуктары менен гендердик маселелер боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.
Жыйынтыктар:
- Тегерек стол 10-класстын окуучулары менен өткөрүлдү.
- Окуучулар өздөрүнүн максаттар жана суроолор боюнча иштеп чыккан сунуштарын презентация кылып, даярдык деңгээлинин жогору экенин көрсөтүштү.
- Фотоматериалдар катышуучулардын активдүү катышканын жана иш-чаранын ийгиликтүү ишке ашканын тастыктады.3.Бүткүл дүйнөлүк Балдар күнү жана Адам укуктары күнүнө арналган класс сааттарын өткөрүү
Максаты: Окуучулардын укуктук сабаттуулугун бекемдөө жана алардын адам укуктарын түшүнүүсүн өнүктүрүү.
Жыйынтык:
- Класс сааттары 2-класстан 11-класска чейинки бардык окуучуларды камтыды.
- Класс жетекчилер класс сааттарынын иштеп чыгууларына катышышты.
- Окуучулар балдардын укуктарын талкуулап, өз кызыкчылыктары менен эркиндиктерин коргоонун жолдорун билип алышты.4.“Зомбулукка каршы 16 күн” темасында тематикалык стенддерди жасалгалоо
Максаты: Зомбулук темасына көңүл буруу, визуалдык материалдар аркылуу жана окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү.
Жыйынтык:
- Окуучулар стенддерди жасалгалоого активдүү катышышты.
- Жеңүүчүлөр:
- орун: 9-“В”
- орун: 9-“А”
- орун: 9-“Д” жана 9-“Г”
- Стенддер мектеп администрациясы жана окуучулардын арасында жогорку баага ээ болду.5.Ата-энелер жыйыны темасы боюнча: «Гендердик укук, руханий тарбия жана зомбулукка каршы күрөшүү»
Максаты: Ата-энелердин укуктук сабаттуулугун жана балдарды тарбиялоодогу таасирин жогорулатуу.
Жыйынтыгы: Ар бир класста ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.
Класс жетекчилери зомбулуктан балдарды коргоо жолдору жана үй-бүлөлүк тарбиянын маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришти.
Класс жетекчилери ишеним телефону көрсөтүлгөн буклеттерди таратышты.
6.Зомбулук темасы боюнча 9–11-класстар үчүн лекция
Максаты: Жогорку класстын окуучуларын зомбулуктун алдын алуу жолдору жана алардын укуктары тууралуу маалымдоо.
Жыйынтыгы: Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектор лекция окуду
Зомбулукка кабылган бир кыз аныкталып, ага жардам көрсөтүү иштери башталды.
Окуучулар зомбулукка каршы чаралар жана зомбулукка кабылганда кайда кайрылуу керектиги тууралуу маалымат алышты.
7. 2-6-класстын окуучуларынын арасында «Зомбулук» темасында сүрөт тартуу конкурсу
Максаты:Окуучуларга зомбулук маселесин чыгармачылык аркылуу түшүндүрүү.
Жыйынтыгы: Окуучулар «Зомбулукка жол жок», «Зомбулуксуз дүйнө» деген темаларда сүрөттөрдү тартты.
8.Окуучулар арасында зомбулук темасы боюнча сурамжылоо өткөрүлдү
Максаты: окуучулардын бул көйгөй боюнча маалымдуулук деңгээлин жана алардын бул көрүнүшкө болгон мамилесин аныктоо эле.
Сурамжылоонун жыйынтыгы: бардык класстар тарабынан тапшырылды.
Анкеталарды талдоо көрсөткөндөй, окуучулардын көбү зомбулук көйгөйүн түшүнүп, зарыл болсо жардам сурап кайрылууга даяр экенин билдиришкен.
Иш-чаранын жалпы жыйынтыгы
Окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин зомбулук маселелери, балдардын укуктары жана гендердик теңдик боюнча маалымдуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Окуучулар жогорку деңгээлдеги кызыгуусун жана чыгармачылыгын көрсөтүштү. Бул багытта мектептин иши ийгиликтүү деп табылды, бирок мындан ары тереңдетүүнү талап кылат.
Комментарии