8-Март – Аялдардын эл аралык күнү
8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чара боюнча отчет
№51 орто мектебинде 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара жылуу маанайда, көңүлдүү жана жогорку деңгээлде өтүп, мектеп жамааты үчүн эстен кеткис майрам болду.
Майрамдык иш-чарага ар кайсы класстардын окуучулары активдүү катышып, концерттик программада ыр-бийлер, сахналаштыруулар, поэзия жана куттуктоолор орун алды. Окуучулар өз өнөрлөрү аркылуу апаларын, эжелерин, мугалимдерин куттуктап, жакшы маанай тартуулашты.
Концерттик бөлүктөн соң мектеп директору сөз сүйлөп, аял мугалимдерди майрамы менен куттуктады. Ал эмгекчилиги, окуучулардын тарбиясында жана билим берүүдө көрсөткөн жигердүү аракети үчүн ыраазычылык билдирип, бир катар активдүү мугалимдерди Ардак грамоталар менен сыйлады.
Бул иш-чара мектептеги ар бир мугалимге болгон урмат-сый, баалоо жана колдоонун ачык белгиси болду.
Комментарии