8-9-11-класстын окуучулары үчүн кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекция уюштурулду
10.09.2024-ж. №51 МГда 8-9-11-класстын окуучулары үчүн «Тамеки тартуунун жана алкоголдук ичимдиктерди кыянаттык менен пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө» лекция уюштурулду. Лекцияны милициянын лейтенанты Жунушова А. жана милициянын капитаны Оркулова А.А. өткөрдү.
Милиция кызматкерлери орто жана жогорку класстын окуучулары менен болгон жолугушууда “майда бейбаштык, мектеп рэкетчилиги, уурулук, талап-тоноочулук, тоноочулук, мектеп окуучулары арасындагы мушташуу жана зордук-зомбулук, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында баңгизатты колдонуу жана таратуу” сыяктуу көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.
Бул лекциянын максаты: Окуучуларды ар кандай укук бузууларга жана кылмыштарга барбоого үндөө жана мектеп окуучуларына канча жаштан баштап жогоруда аталган кылмыштарды жасагандыгы үчүн кандай кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын түшүндүрүү.
Комментарии