23-сентябрь күнү №51 ЖОББМде КР ӨКМнин Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жарандык коргонуунун демонстрациялык күнүн өткөрүштү.
23-сентябрь күнү №51 ЖОББМ КР ӨКМнин Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жарандык коргонуунун демонстрациялык күнүн өткөрүштү.
Максаттары:
Мектеп окуучуларын жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча окутуу системасын өркүндөтүү; эмгекти коргоо тармагында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү; билим берүү процессине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү.
Милдеттери:
— жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, окуучуларды жана мектеп кызматкерлерин бул маселелер боюнча окутуу;
– окуучуларды жана мектеп кызматкерлерин эмгекти коргоо маселелери боюнча окутуу системасын уюштуруу жана инструктаждарды үзгүлтүксүз өткөрүү аркылуу кырсыктардын алдын алуу;
Иш-чаранын алкагында сабактар мурда пландалган план боюнча өткөрүлдү. Буга чейин мектеп жамааты менен «Өзгөчө кырдаалдарда мектептин педагогикалык жамаатынын иш-аракеттери жөнүндө» жыйын өткөрүлүп, өрт коопсуздугунун ыкмалары боюнча көрсөтмөлөр берилген. Андан ары 1-11-класстын окуучулары үчүн линейка болуп, анда тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рыскулбекова М.Р. жарандык коргонуу күнүнүн максаттарын жана милдеттерин белгилеп, окуучуларга иш-чаранын маанилүүлүгүн түшүндүрүп, сабактын планы менен тааныштырды.
Комментарии