12 жылдык билим берүү боюнча мугалимдер үчүн тренинг өткөрүлүдү
12 жылдык билим берүү боюнча мугалимдер үчүн тренинг өткөрүлүдү
Тренер: Базархулов Талант Асангулович
№51 орто мектебинде мугалимдер үчүн 12 жылдык билим берүү системасын өздөштүрүүгө арналган тренинг өткөрүлдү. Окутууну Базархулов Талант Асангулович өткөрдү. Тренингге табигый циклындагы мугалимдер катышты.
Тренингдин жүрүшүндө 12 жылдык билим берүү системасынын негизги принциптери, окутуу методдору, окуучулардын билимдерин баалоо ыкмалары жана жаңы билим берүү стандарттары талкууланды. Катышуучулар билим берүү процессин жаңы талаптарга ылайыкташтырууга жардам бере турган маанилүү теориялык жана практикалык маалыматтарды алышты.
Тренинг интерактивдүү жана натыйжалуу форматта өтүп, мугалимдер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Комментарии